Компания жөнүндө

"Бишкеккурулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы” ачык акционердик коомунун тарыхы 1957-жылдан башталат. Фирма жарым кылымдан ашык тарыхында өзүн рынокто олуттуу жана ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтүп, Бишкек шаарында гана эмес, бүткүл Республика боюнча ири курулуш компанияларынын катарына кирди. Бишкек шаарында иш алып барган, 67 жылдын ичинде биздин фирма борборубуздун көркүнө көрк кошкон административдик, социалдык-маданий, билим берүү жана өнөр жай имараттарынын көпчүлүгүн куруп берди.

Фирма объекттерди пайдаланууга берүү менен курулуштун толук циклин ишке ашырат. 2007-жылдын 20-ноябрында берилген КРЦ-2 № 01905 сериясындагы курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана 2007-жылдын 20-ноябрында берилген КРЦ № 01906 сериясындагы долбоордук иштерди ашырууга уруксат берген лицензиялардын болушу бизге курама темир-бетон жана толугу менен монолиттен болгон түрдүү конструкциялык чечимдер менен ар кандай татаалдыктагы имараттарды курууга мүмкүнчүлүк берет.

Бизде бардык керектүү, өндүрүштүк жабдуулар бар, жогорку квалификациялуу адистер эмгектенет, курулуш кызматтарын көрсөтүү жаатындагы акыркы жетишкендиктерден кабардарбыз, өндүрүштө жаңы технологиялар, заманбап материалдар колдонулат.

Жеке курулуш лабораториябыздын болушу, курулуш материалдары жана конструкцияларды ыкчам жана сапаттуу текшерүүгө, аткарылып жаткан иштерди ырааттуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет, бул – курулган имараттардын сапатын жана коопсуздугунун кепилдиги болуп саналат".

Бизди тандоо себептери

Ишенимдүүлүк

1957-жылдан бери курулуш рыногунда! Ишенимдүү куруучу катары татыктуу абройго ээ! Колдонуудагы стандарттардын ченемдерине шайкештик.

Кепилдик

Объектти белгиленген мөөнөттөрдө тапшыруу кепилдиги. Үлүштүк курулуш келишимдери боюнча менчикке өз убагында тариздеп берүү.

Сапат

Шаардагы сапаттуу чөйрө. Сапаттуу курулуш жана жасалга материалдары менен жасалгалоо. Курулуштун сапатына кепилдик.

Жайлуулук

Борбор калаадагы жайлуу жана жылуу турак жай. Батирлер ыңгайлуу пландалган. Жер астындагы унаа токтотуучу жайы менен көрктөндүрүлгөн короо.

Жеткиликтүүлүк

Баа менен сапаттын мыкты айкалышы. Инфляциялык кескин өзгөрүүлөрдөн көз каранды болбой, үлүштүк курулуш келишими сом менен белгиленет.

Даярдык

Батирлер таза жасалгаланып берилет. Толук даяр батирлердин ачкычтарын алып эле көчүп кирүүгө болот.

Биздин жетишкендиктер

Бай тарыхы бар жана Кыргыз Республикасынын курулуш тармагында алгылыктуу иш алып барган "Бишкеккурулуш" компаниясы үзүрлүү эмгектенген жылдары көптөгөн татыктуу сыйлыктарга ээ болду.

Биздин өнөктөштөр

Bishkekkurulush logo